АКШ Россияга каршы санкцияны күчөтүүнү айтып, андан башка да күнөө тагууда

АКШда Россияга карата санкцияны катуулатууну сунуштап жатышат. Демилге Республикачылар партиясына таандык. Мындай докладды Конгрессте республикачылардын изилдөө комитети окуду.
Sputnik

Сазга батып... Жакынкы Чыгыштагы орустар АКШнын тынчын алууда
Алар Россияны глобалдуу держава катары өзүнүн ролун бекемдеп алды, бул кадамы дүйнөдө АКШнын үстөмдүк кылуусуна тоскоол болуп жатат деп күнөөлөп, жазалоо керектигин айтты. Мындан сырткары, Россияны террорчуларды колдойт деп күнөөлөшүүдө. Ошондуктан, аны АКШ президентинин администрациясы түзгөн "Террорчуларды каржылаган өлкөлөрдүн тизмесине" киргизүү сунушун айтышууда. Кеп Ирандагы "Ислам революциясынын коргоочулар корпусу" деп аталган уюмун колдоо туурасында жүрүп жатат.

"Хэзболлах" жана "Талибан" кыймылдарынын ишмердүүлүгүнө Россияда тыюу салынган. "Терроризмди колдоду" деген ар бир күнөөлөөнү Москва четке кагып келет. Эмне үчүн республикачылардын демилгеси америкалык кадимки эле кош стандарттын таасын мисалы экендигин биздин видеодо айтып беребиз.