БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин 12 кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Финпол) кабарлашты.
Буга чейин Финпол Транспорт жана жолдор министрлигинде ири коррупциялык схема ачылгандыгын кабарлаган. 2018-жылы "Сосновка" жана "Кара-Көл" стационардык постторунда тоннель аркылуу өтүү үчүн атайын акы төлөө системасын киргизишкен. Ага жоопкер Бишкек — Ош автомобиль жолу боюнча мамлекеттик дирекция болгон.
Финпол дирекциянын кээ бир кызматкерлери бекитилген тариф боюнча көп убакыт акча жыйнап жүрүп, бирок маалыматтарды автоматтык системага алмаштырып, ортосундагы айырмадан келип чыккан акчаны өздөрү алып койгонун айтууда. Бул кызматкерлердин көптөгөн автоунааларды системага каттабай туруп өткөрүп, бирок айдоочулардан акча алганы боюнча фотодалилдер бар экени айтылды.
Азырынча айтылган эсептер боюнча мамлекетке 20 миллион сом зыян келген. Финпол учурда жетекчилердин кимиси коррупцияга аралашканын текшерип жатат.