Жогорку Кеңешке келген эки жаңы депутат ант берди

Ал жакында эле мандатын тапшырган "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Руслан Чойбековдун ордуна келди.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алган Замирбек Эсенаманов менен Бейшеналы Нурдинов бүгүн парламентте ант берип, кызматка киришти.

Эсенаманов жакында эле мандатын тапшырган "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Руслан Чойбековдун ордуна келди.

Ал эми Нурдинов кызматтан кетүүгө арыз жазган ушул эле фракциянын лидери Алмазбек Баатырбековдун ордуна келген.

Эсенаманов 2005-жылы Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болгон. 2010-жылдан кийин бир жыл жаратылыш ресурстары министри болуп иштеген.