Чемпион чемпионго каршы... Нурмагомедов менен Гэтжинин беттешчү күнү айтылды

Гэтжи мекендеши Фергюсонду утуп алгандан кийин россиялык атлет менен чемпиондук наам үчүн кармашууга мүмкүнчүлүк алган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ушул эле категорияда утурумдук курду тагынган америкалык Жастин Гэтжи менен 19-сентябрда беттешиши мүмкүн. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Маалыматка ылайык, белгилүү мушкерлердин кармашы UFC 253 турниринин алкагында өтөт. Кайсы шаарда болору азырынча билине элек.

Конор Макгрегор кайрадан карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салды
Буга чейин уюмдун жетекчиси Дана Уайт Нурмагомедов менен Гэтжини июнь айында "Кармаштар аралында" беттештире турганын айткан.

Америкалык мушкер Гэтжи Жексонвилде (АКШ) өткөн UFC 249 турниринин алкагында мекендеши Тони Фергюсонду нокаутка кетирип, утурумдук чемпион наамына ээ болгон. Ошондой эле россиялык Нурмагомедов менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Негизи Фергюсон Нурмагомедов менен ушул жылдын апрелинде таймашка чыгышы керек эле, бирок россиялык мушкер пандемияга байланыштуу өлкө аймагынан чыга албай калгандыктан, мелдешке катышуудан баш тарткан.

31 жаштагы Гэтжи аралаш мушташта 22 жолу утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми 31 жаштагы Нурмагомедов бардык 28 беттешти тең утуп чыккан.