Айдарбеков чек ара көйгөйү боюнча казак тарапка кандай талап коюлганын айтты

ТИМ башчысы казакстандык кесиптешине эки тарапка тең кирип-чыгуунун агымы бери дегенде бирдей болушу керектигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктар сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. Бул туурасында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков министрликтин Коомдук кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал дүйшөмбү күнү казакстандык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кыргызстандын позициясын айтканын белгиледи.

"Казак тарапка дагы бир ирет кырдаалды түшүндүрүп, биздин позицияны билдирдик. Мамлекет башчылардын деңгээлинде жетишилген чек арадан тоскоолдуксуз өтүү боюнча макулдашууларды айттык. Тилекке каршы, айыл чарба, анын ичинде тез бузулуучу продукциялар чек арада көпкө кармалып турган фактылар бар. Казак тараптан Евразия экономикалык биримдигинин нормаларынан чыкпашын сурандык", — деди Айдарбеков.

Ошондой эле министр чек арадагы тоскоолдуктардын жаралышына коронавирустан текшерүү процесстери дагы кошумча болгонун белгиледи.

"Биздин тиешелүү органдардан түзүлгөн комиссия тарабынан Кыргызстанга өткөндөргө салыштырмалуу казак тарапка жүк ташуучулар эки эсе кеч өтүп жатканы анык болду. Мындан улам эки тарапка тең кирип-чыгуунун агымы бери дегенде бирдей болушу керектигин билдирдик. Өткөрүү системасын ЕАЭБдин талаптарына дал келтирүүнү өтүндүк. Биз маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылабыз. Негизги жол диалог, талкуулоо жана консенсуска келүү", — деди ТИМ башчысы.

Тоскоолдукту четтетели. Кыргыз-казак министрлери чек ара маселесин сүйлөштү
Мындан сырткары, Айдарбеков казак тарап дүйшөмбүдөн тарта "Чалдовар" өткөрмө пунктун ачканын, ушуну менен үч бекет ишин жандантканын кошумчалады. Аны менен катар эле кыргыз-казак чегиндеги бардык пункттарды ачууну сурап жатканын белгиледи.

Ал эми учурда оңдолуп жаткан "Достук" пункту ишке кирсе кирип-чыгуунун агымы үч эсеге көбөйүп, узун кезектерди жоюуга шарт түзүлөрүн айтты. Эгер коронавирус болбогондо өткөрмө бекети июнь айында оңдолуп бүтмөк.

Белгилей кетсек, Казакстанга товар ташып кирүү май айынын соңунан тарта кыйындай баштаган. Өкмөттөн 300-400 фура кезекте турганын айтышкан. Мындан улам Sputnik Кыргызстан жеринен репортаж жасаган.