Жеңилгис экен! Шевченконун эзелки каршылашы Нуньестин жаңы жеңиши видеодо

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен бразилиялык чемпион кыз Аманда Нуньес октагонда эки ирет кез келип, баарында тең атаандаш тарап жеңишин майрамдаган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Лас-Вегаста өткөн UFC 250 турниринин башкы беттешинде чемпиондук наамын коргоого чыккан Аманда Нуньес канадалык атаандашы Фелиция Спенсерди утуп алды. Бул тууралуу уюм Instagram баракчасы аркылуу кабарлады.

Сүрөттөн Нуньес каршылашы Спенсерге өзүнүн чемпиондук курун карматып, сый көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча 7-июнга караган түнү болду. Мушкер кыздардын беттеши толук беш раундга созулуп, жыйынтыгында калыстар жеңишти Нуньеске ыйгарышкан. Бразилиялык спортчу кармаштын жүрүшүндө көбүрөөк үстөмдүк кылып, партерде күрөшөм деген Спенсерге эч мүмкүнчүлүк берген эмес. Туруп беттешүүдө дагы артыкчылыгын көрсөткөн.

Жалпысынан Нуньес чемпиондук наамдарын жетинчи ирет коргоп жатат. Ал 61 (жеңил салмак) жана 65 килограмм (орточо жеңил) салмактагылар арасында чемпион экендигин белгилей кетели. Алгач жеңил салмактагылар арасында бел курду 2016-жылы Миша Тейтти уткандан кийин тагынып, аны Ронда Роузи, Валентина Шевченко, Ракель Пеннингтон, Холли Холм, Жермейн де Рандамини утуу менен коргоп калган. Ал эми орточо жеңил салмактагылар арасындагы чемпиондук наамды Крис Сайборгду уткандан кийин тагынып, бүгүн Фелиция Спенсерди жеңүү менен сактап калды.

Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен бразилиялык чемпион кыз Аманда Нуньес октагонда эки ирет кез келип, баарында тең атаандаш тарап жеңишин майрамдаган. Ошондон кийин Шевченко 57 килограмм салмакка которулуп, чемпион болгон. Ал ар дайым Нуньес менен "бүтпөй калган иши" бар экендигин айтып келет.