Саламаттык сактоо министрлигинде дагы беш киши COVID-19 жуктурду

Мекеменин эсеп башкармалыгында иштеген кызматкер ооруну туугандарынан жугузуп келгени белгилүү болду. Учурда министрликтин 30дан ашык кызматкери обсервация шартында иштөөдө.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Акыркы бир жума ичинде Саламаттык сактоо министрлигинин беш кызматкери COVID-19 вирусун жугузуп алды. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, оору мекеменин алдындагы эсеп башкармалыгынын кызматкерлеринен чыкты.

"Вирус сырттан келди. Эсеп башкармалыгында иштеген бир кызматкерибиз ооруну туугандарынан жугузуп келгени белгилүү болду. Инкубация убагында симптомдору билинбей жүрө берип, дагы төрт кесиптешине жугузган. Биринчи кишиден вирус беш күн мурда табылса, кийинкилеринде 2-3 күн мурда аныкталды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, дарылоо курсунан өтүп жатышат", — деди Үсөнбаев.

Калган кызматкерлерди коргоо максатында эпидемияга каршы тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөнү айтылды. 30дан ашык кызматкер обсервация шартында иштеп жатышат.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин эки кызматкери коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.