БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 65 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, жалпы сакайып чыккандардын саны 1425ке жетти.
"Айыккандардын 30у Нарындан, 18и Ош шаарынан, жетөө Ош облусунан, бирөө Жалал-Абаддан, бирөө Ысык-Көлдөн. Бардыгы стационарлардан үйлөрүнө чыгарылды", — деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2007 болуп, анын 1425и айыкты.