Күзөтчүнүн будкасын талкалай сүзүп... Айдоочу камакка алынып, иш козголду

Жолтандабастын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылды. Анын ишин Биринчи Май райондук ИИБ карамай болду.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкекте күзөтчү отурган жайды жолтандабасы менен талкалай сүзгөн 30 жаштагы айдоочуга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Күзөтчүнүн будкасын талкалай сүзүп... Айдоочу камакка алынып, иш козголду

Эске салсак, кечээ, 6-июнда, Бишкекте жаалданган айдоочу күзөтчү отурган жайды жолтандабасы менен сүзүп талкалап, андан кийин ага кол көтөргөн. Көп өтпөй соцтармакта ошол эле айдоочу ЖКККББ кызматкерлеринен качып бараткан кинодогудай видео тараган.

Күзөтчүнүн будкасын талкалай сүзгөн айдоочу кантип кармалганы айтылды
Күзөтчүнүн будкасын талкалап, инспекторлордон качкан айдоочу 30 жаштагы киши экени белгилүү болгон. Анын мас экени аныкталып, автоунаасын текшерүү учурунда эки огу менен газ тапанча жана бычак табылганы айтылды. Автоунаа айып короого токтотулуп, Кемин райондук жана Бишкектин Биринчи май районундагы Ички иштер башкармалыгында сотко чейинки өндүрүш иштери башталган болчу.

Маалыматка ылайык, аталган факт Биринчи Май райондук ИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене ("Бейбаштык") менен каттоого алынып, кылмыш иши козголду. Чүй ОИИББ керектүү материалдын бардыгы Бишкекке өткөрүп бериле турганын билдирди.

Жолтандабастын айдоочусу Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.