8-июнда ички каттамдар жанданат. Боронов аэропорттун даярдыгы менен таанышты

Вирустун клиникалык белгилери аныкталган шартта жаран ооруканага жаткырылат. Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр анкеталык маалыматтарды толтурат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов "Манас" аэропортунун ички аба каттамдарын жандандыруунун алдындагы даярдык менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бороновго кызматкерлер коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча аракеттердин алгоритми, аэропорттун көзөмөл пункту аркылуу өткөн жүргүнчүлөрдү текшерүү тартиби тууралуу айтып беришти.

Алсак, "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропортторунун аэробекеттер комплексинин имаратына ошол күнгө билети бар жүргүнчүлөр жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коштогондор гана киргизилет.

Тышкы каттамдар 15-июндан тарта аткарылбайт. Штаб тактоо киргизди
Узатуучу жана тосуп алган жарандар үчүн аэробекетке кирүү убактылуу чектелген, алар үчүн күтүүгө өзүнчө орун даярдалган.

Аэробекеттер имаратынын кире беришинде бардык жүргүнчүлөр жана жүк милдеттүү түрдө дезинфекциялоочу туннелден, термометрдик көзөмөлдөн жана дене табын тепловизордук камералар менен ченөөдөн өткөрүлөт.

Вирустун клиникалык белгилери аныкталган шартта жаран ооруканага жаткырылат. Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр анкеталык маалыматтарды толтурушат.

Сөзсүз түрдө бет кап тагынып, аралыкты сактоо зарыл экени дагы айтылат.

"Ички аба каттамдарын жандандыруу инфекциянын жайылышы боюнча белгилүү бир тобокелдиктерди алып келет. Ошондуктан бардык көзөмөлдөөчү органдар текшерүү алгоритмдерин так аткарып, зарыл шартта ыкчам чара көрүүгө тийиш. Келген жүргүнчүлөргө көзөмөл катуу болушу шарт", — деди Боронов.

Мындан тышкары ал билет баасынын жогору экендиги тууралуу жарандардын кайрылуулары болуп жатканын айтты. Тармактык органдарга бул маселени иштеп чыгып, жөнгө салуу тапшырмасын бергендигин билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда 8-июндан баштап ички рейстердин иши жанданат.