Жакындарына зомбулук көрсөткөн адамдын жазасы катуулайт. Өзгөргөн мыйзам

Аталган мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Күйөөсү 30 жыл урган аял соттун сөзүн угуп нес болду. Кризистик борборлордун иши
Ага ылайык, аталган мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жазык-процесстик кодексинин 504-беренеси толукталып, 1-3-бөлүгү боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жасады деп шектелген адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:

  • Эгерде шектүү адам жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратса;
  • Эгерде шектүү мас абалында болуп, жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнө коркунуч келтирип жатса;
  • Эгерде шектүү адам жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн кордоону, аларга коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыӊдоону, басмырлоону улантат деп болжогонго мүмкүндүк берүүчү негиздер бар болсо.
"Аталган өзгөртүүлөр менен жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында зомбулук жасоого шектүү адамды 48 саатка чейин кармоо чарасы каралган", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери кошумчаланды.