Жорж Флойддун өлүмүнөн улам чыккан башаламандыктын жайылып жаткан маалында, расизмге каршы чыккандар Лондондо британия премьеринин резиденциясын басып алууга аракет кылып жаткан учурда коом карманган дагы бир эреже кыйрап түштү. Ал жаш муунду саясий тирешке аралыштырууга жол бербөө эле.
Мындан чечкиндүү кадамды бизнес таштады.
Балдардын популярдуу Nickelodeon берүүсүн токтотуп, 8 мүнөт 46 секунд бою (дал ушунча убакыт полиция кызматкери Флойдду басып турган) кара экрандан "Дем ала албай жатам" деген фразаны жаңыртып турду. Роликтин аягында жарандык укукту коргоо боюнча уюмдардын бирине кошулууга чакырык ташталган.
Батыштын жаш муунга жасаган мындай мыкаачы эксперименттери азыр эч кимди деле таң калтырбайт. Мунун баары батыш коомчулугунун бөлүп-жарылуусунун белгиси. Ошентсе да буга чейин саясий жүрүштөргө балдар тартыла элек эле.
Либералдар менен консерваторлор жаш муунга таасир тийгизүүчү күчкө ээ болуу максатында катуу тирешип келишкен, бирок алар үчүн балдардын мыйзам сыйлаган жаран болуп өсүп чыгуусу биринчи кезектеги нерсе болчу.
Дал ушундай нукта ой жүгүртүү АКШга жарандарын ымыркай кезинен тарта тарбиялоонун натыйжалуу системасын түзүүгө негиз болуп берген. Канча деген жылдардан бери Американын жетишкендиктерине басым жасалып, жаманы жашырылып, улуттук биримдик жашап келген.
Полициянын мыкаачылыгына башка мамлекеттерде деле күбө болуп жүрөбүз. Бирок укук коргоо институттары мамлекеттин таянычы жана анын маанилүү элементи болуп саналат, андыктан жай турмушта бир дагы америкалык саясатчы же коомдук-саясий күч полицияны уяткарып, абийирин төгө алмак эмес. Адатта бир же бир нече окуянын мисалында бүтүндөй системага көө жабуу туура эмес экени баса белгиленип келет. Ал эми ачыкталып калган кемчилик башкы нерсени, башкача айтканда, кызматкерлеринин көбү чын ниети менен аткарган полициянын милдетин, ишин жокко чыгарбашы кажет эле.
Ал эми балдарды реалдуулуктун көңүл чөктүргөн көрүнүштөрүнөн эки эселеп саксактоо зарыл, алардын күч түзүмдөрү тууралуу ою, ишеними, мейли ал биздин "менин милициям мени коргойт" дегенби, же америкалык "кызмат кылып жана коргоп" деген ураанынын алдында болобу, позитивдүү болушу шарт. Чоңойгон сайын ал турмуштун ак-карасын өзү ылгап алат.
Nickelodeon менен Lego компанияларынын кылган-эткени бул маселеде да кескин өзгөрүүлөр болуп жатканын көрсөттү.
Дээрлик тогуз мүнөткө жеткен ролик балдардын көңүлүн расизмге деле бурбайт. Мындай жүрөк үшүн алган видео тек гана "америка полициясы адам өлтүрүүдө" деген нерсени сиңирип жатат. Мындан улам баланын мээсине укук коргоо органдарынан коркуш керек деген ой калыптанат. Ал эми бала кездеги коркуу чоңойгондо жек көрүүгө, кыйратуучулукка айланат эмеспи.
Бирок мамлекет аны коргоп, коопсуздукту камсыздаган структураларсыз дээрлик жашай албайт. Мамлекеттик механизмдин маанилүү делген бөлүгүн олуттуу кабыл албоого тарбиялоо келечекте жагымсыз көрүнүштөрдү шарттай турганы айкын.
Америка өзүн өзү жек көрүүнүн, өзүн өзү жок кылуунун жолуна түшкөндөй. Эмки маселе анын токтой алаар-албасында. Эгер жаш муунду полициядан коркууга, аны жек көрүүгө тарбиялоону уланта турган болсо токтой алары, албетте, күмөн.