Россия менен болгон мамилелерде оюн тартибин жана күн демин ушул тапта Батыштын аныктай албай калышына моюн сунуу да аябагандай татаал экенин, бул атлантикалык дүйнөнүн артта калганын айгинелейт деген пикирин билдирет саясий серепчи Петр Акопов. Анын бул туурасындагы макаласы биздин өнөктөш РИА Новости агенттигине жарыяланган.
Апта башында Трамп Путинге телефон чалып, батыш клубуна кошулууга чакырган. Быйыл АКШ президенти "Чоң жетиликтин" жыйынын уюштурмак, ал мурда июнга белгиленген. Бирок Трамп европалык лидерлердин баары Кошмо Штаттарга келүүгө даяр эместигинен улам (мисалы, Меркель) аны сентябрга жылдырууну ойлонууда. Ошентип, АКШ президенти Россияны батыш столуна кайтаруу зарылдыгы тууралуу өзүнүн эски оюн ишке ашырууну көздөөдө. Былтыр эле Квебектеги "Чоң жетиликтин" саммитинин алдында Трамп бул жөнүндө айткан, бирок италиялык премьерден башкасы аны ачык колдогон эмес. Бул ирет Трамп башка тараптан жол издөөнү чечкен көрүнөт. Өткөн дем алышта ал учакта аны коштоп барган журналисттерге "Чоң жетилик" эскиргенин айтты.
Муну айрым америкалык стратегдер эбактан бери колдоп келет. Ал эми Россия бул "сайранга" кошулууга ынтызарбы? Же кошулбай кайда барат дешеби? Кытай экспансиясынан чочулоосу бар, аны кылдаттык менен жашырып келет. Анан калса орус каймактары да батыш менталитетин сиңирип алган, "дүйнөлүк лидерлер" клубуна кайтууну да самайт. Көйгөйдүн баары азыр биз, тагыраак, Батыш Путинге май токочтон көп карматкан жокпузбу, антпесе орустар өздөрүн жеңүүчү сезип алышпасын. Май токоч менен эле эмес, кызыл камчыны да колдонуу керек, ошондо эч кайда кете албайт. – Кызык, бирок ушундай картина батыш стратегдеринин эле эмес, айрым россиялык талдоочулардын да оюнда.
Россия өз алдынча эч нерсе кыла албайт, Батыш менен араздашып кеткенибизден улам гана Кытай менен жакындаша баштадык. Эгер азыр конфронтация аяктаса, биздин антиулутчул каймактар дароо Батыштын кенже өнөктөштөрүнүн ролуна кайтышат деген өңдүү ойлор россиялык коомдо сейрек эмес. Ошондуктан "Чоң жетиликтин" эч кандай чакыруусун Россия кабыл албоого тийиш! Россияны өз каймактары сатып кетет деп эмес, чындап эле кабыл албоо үчүн башка себеп да бар. Путин россиялык элитанын курамын эле эмес, ой-таламын да олуттуу түрдө өзгөрткөн. Россияны 90-жылдардагыдай Батышты үлгү жана ага окутуучу катары көргөн адамдар башкарарын, ал эми орустар европалык цивилизациянын ийгиликсиз бутагы катары эсептегендер кыял дүйнөсүнөн чыга албай келет.
Россия өз максатына жетүү үчүн Батышка ыктоого тийишпи? Жок, ал түгүл тактикалык оюн да россиялыктарга зыян келтириши мүмкүн. СССР ыдырагандан бери Батыш чабуулун эч токтоткон эмес. Колу көз артканынын баарына, акыры Украинага чейин жеткен. Постсоветтик мейкиндикте компромисстин болушу мүмкүн эместиги түшүнүктүү: Украинаны атлантикалаштыруу, аны Батыштын геосаясий талаасына бекитүү мүмкүн эмес жана талкуулоого да жатпайт. Бирок андан да маанилүүсү – өзү кааласа да, Россия кайсы Батышка ыктайт? Бирдиктүү Батыш азыр жок, анын кыйроо процесси бир нече жылдан бери уланып келет жана россиялык кызыкчылыктарга толук шайкеш. РФ Батыштын курамдык бөлүктөрү – айрым европалык өлкөлөр жана жалпы Евробиримдик (бирок качан ал геосаясий өз алдынчалыкка ээ болгон соң) менен да, ал тургай антиглобалисттик Америка менен көпүрө кура алат.
Атлантикалык Батышка карата Россиянын стратегиясы жөпжөнөкөй: Батыш үстөмдүгүнүн жүз жылдыктары аяктап барат, ал эми атлантикалык дүйнөнүн ордун тынчокеандык жана евразиялык дүйнө басат. Россия Батыш менен араздашканы үчүн Чыгыш жана Түштүккө да көңүл бурганы жок, мындай кадамдарды ал тарых жана геосаясаттын мыйзамдарын түшүнгөнүнөн улам жасоодо.
Аны адегенде Бириккен Улуттар Уюмунун мааракелик сессиясынын ишинин башталышына туш келтирүү, тагыраак, сентябрдын ортосуна белгилөө пландалган. Бирок Кытайга америкалык лидердин асылууларынын күч алышы көп тараптуу форматта болсо да, Трамп менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн азайтат. Ошентсе да быйыл алар баары бир жүз көрүшөт. Анткени "Чоң жыйырманын" саммити Сауд Аравиясында ноябрда өтөт. Эгер шайлоодон жеңип чыга алса, каршылаштары анын жеңишин тааныса, Трамп ага кайрадан шайланган президент катары катыша алат.
Ал эми Путин менен Си ал убакка чейин бир нече ирет эки тараптуу жолугушат. Миң жылдык Россия менен үч миң жылдык Кытай башка бир катар маселелердин арасында, албетте, Американын келечегин да талкууламакчы...