Шаршембиге карата аба ырайы

Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу өрөөндөрүндө кар жаайт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. 3-июнь, шаршемби күнү, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй менен Жалал-Абаддын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, тоого кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кар жаткан ашууда электриктер үч күн иштеп, бузулган линияны оңдоду. Сүрөт
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Талас жергесинде +30…+35, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +31…+36, Ысык-Көлдө +19…+24 жана Нарында +20…+25 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы ордо калаада +32…+34, Ошто +34…+36 градуска чейин көтөрүлөт.