Жабырланган журналист. РФ элчилиги АКШнын мамдепартаментине нота кетирди

РИА Новости агенттигинин кабарчысынын жанында пресс-картасы жана документтери болгонуна карабастан, ага полиция тарабынан орой мамиле жасалганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШдагы башаламандыкта РИА Новостинин журналисти кол салууга дуушар болгондугуна байланыштуу Россиянын элчилиги мамлекеттик департаментке нааразычылык нотасын жөнөттү. Бул тууралуу элчи Анатолий Антонов билдирди.

Анын билдирүүсү элчиликтин Facebook баракчасына жүктөлгөн.

"Михаил Тургиев менен анын жанындагы америкалык кесиптештерине жергиликтүү полиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз мамиле жасалды. Окуя болгон жерде тартылган видеотасмадан көрүнүп тургандай, журналисттер өздөрүн тааныштырышкан, кийимдерине керектүү белгилер коюлган, документтерин көрсөтүшкөн жана эч кандай каршылык аракеттерин жасашкан эмес", — деди Антонов.

Элчилик бул окуяны тыкыр иликтөөнү жана анын жыйынтыктары менен дипломатиялык өкүлчүлүктү кабардар кылып турууну талап кылды.

"Бул окуяны АКШдагы медиа кызматкерлердин укуктарынын бузулушун мониторинг кылган уюмдар эске алат деп эсептейбиз жана ошондой аракеттерди күтөбүз. Кош стандарттар АКШда иштеген орус журналисттерине карата колдонулуп жатканда кандай объективдүүлүк жөнүндө кеп кылсак болот?" — деп кошумчалаган Антонов.

Трамп Twitter компаниясын жабуу боюнча юристтер менен сүйлөшөрүн айтты
РИА Новостинин кабарчысы Михаил Тургиев Миннеаполистеги нааразычылык акцияларын чагылдырып жатканда, полиция анын көзүнө жаш агызуучу газды чачкан. Журналист ага чейин укук коргоо органдарына жумуштагы күбөлүгүн көрсөтүп, өзүн тааныштырган. Ушундай эле абалга америкалык VICE телеканалынын кабарчылары дагы тушуккан.

Эскерте кетсек, массалык башаламандык полиция тарабынан кармалган афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган. Акыркы күндөрү ири демонстрациялар АКШнын кеминде 30 шаарында, анын ичинде Лос-Анджелес, Нью-Йорк, Вашингтон, Чикаго жана башка жерлерде болду. Учурда айрым шаарларга коменданттык саат киргизилди. Ал эми төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө айып тагылды.