Мээ кайнаткан ысык башталдыбы? Бир жумага карата аба ырайы

Апта ичинде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ысык болуп, абанын температурасы 35 градуска чейин жогорулай турганы божомолдонду.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумага аба ырайынын божомолун айтты.

Ага ылайык, апта ичинде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ысык болуп, абанын температурасы 35 градуска чейин жогорулайт.

Кыргызстанда жай быйыл адаттан тыш ысык болот. Климатологдордун божомолу
31-майда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында күн ачык болушу күтүлсө, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн күркүрөп, жаан жаашы ыктымал.

1-июнда Ош облусунан башка жерлерде жаан жаабайт, көпчүлүк аймактарда аптаптуу ысык болушу божомолдонду.

2-июндан 4-июнга чейин деле абанын температурасы кескин төмөндөбөйт. Ош, Нарын, Чүй, Талас, Жалал-Абадда жаан жаайт деп божомолдонгону менен абанын температурасы 22 градустан 35 градуска чейин ысык болору белгиленди.