Боронов: Бишкек — Ош каттамы жанданат

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1662ге жетти. Анын ичинен 1088 бейтап айыгып чыгып, 16 киши каза тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстанда 8-июндан баштап ички рейстердин иши жанданат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек-Ош каттамы боюнча күнүнө бир жолу учууга уруксат берилет.

"Ишти санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен жандантуу керек. Ошол эле учурда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн", — деген Боронов.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1662ге жетти. Анын ичинен 1088 бейтап айыгып чыгып, 16 киши каза тапкан.

Бала бакчалар 5-июндан тарта иштемей болду
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.