Нарында 22 аялдын төрөт бөлүмдүн эшигин талкалап чыгып кетиши боюнча иш козголду

Буга чейин аталган оорукананын төрөт бөлүмүндө массалык жуктуруу болуп, коронавирус кош бойлуу жана жаңы төрөгөн келиндерден чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Нарындагы облустук бириккен ооруканасында төрөт бөлүмүнүн эшигинин кулпусун талкалап чыгып кеткен 22 аял боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Нарын ОИИБ башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Сапар Аманкулов маалымдады.

Эске салсак, аталган оорукананын төрөт бөлүмүндө массалык жуктуруу катталып, коронавирус кош бойлуу жана жаңы төрөгөн келиндерден чыккан.

"Кылмыш-жаза кодексинин 180-беренесинин негизинде эки иш козголду. Төрөт бөлүмүндө коронавирус кандайча жайылып кеткендиги боюнча териштирүү жүрүп жатат. Дарыгерлердин шалаакылыгыбы же жаңы төрөгөн келиндер атайылап качып чыгышканбы, тергөө амалдары жыйынтыкталгандан кийин билинет. Ким күнөөлүү болсо мыйзам чегинде жазаланат", — деди Аманкулов.

Коронавирусту ооздуктай албай... Нарында бир катар жетекчилер кызматтан кетти
Анын айтымында, төрөт бөлүмүнө бараткан жолдо пост болгон. Аялдар ошол жерде турган милиция кызматкерлерине баш ийбей чыгып кеткендиктен, ыкчам бөлүккө маалымат берилген.

"Дароо блокпосттор жабылып, Ат-Башыга кетчүлөр гана чыгып кетип, калганы чыга албай калгандыктан, ооруканага өздөрү кайтып келишкен", — деди Аманкулов.

Буга чейин Нарын облустук төрөт бөлүмүндө обсервацияда жаткан 22 аял дарыгерлердин туура эмес маалыматы менен ал жактан чыгып, кайра жаткырылганы айтылган. Алдын ала маалымат боюнча, 25-майда дарыгерлер обсервацияда жаткандарды эртерээк чыгарып жиберишкен. Тагыраагы, алардын экинчи анализинин жыйынтыгы чыга элек болчу.

28-майга карата Нарын облусу боюнча коронавирус жуктурган жалпы 310 учур катталган. Анын ичинен Нарын шаарында 175, Ат-Башы районунда 78, Кочкор районунда 11, Жумгал районунда 14, Ак-Талаа районунда 19, Нарын районунда 13 адам бар.