БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Аляскаров жана Нарын облустук бириктирилген оорукананын башчысы Айбек Койчуманов кызматтан кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдады.
Анын айтымында, бул кызматкерлер аймакта эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө сала албагандыгы үчүн ишинен бошотулган.
"Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башчысы өзү жазган арыздын негизинде кызматынан алынды. Анын ордуна Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын башчысынын орун басары убактылуу дайындалды. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору менен облустагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору министрдин буйругу менен жумуштан кетишти. Облустагы координаторлук милдетти убактылуу мен аткарып жатам", — деди Акматова.
Акматова эл арасында "милиция жана медицина кызматкерлери акча алуу үчүн атайын ооруну жугузуп жатыптыр" деген кеп-сөз боюнча да пикирин билдирген.
"Ким эле ооруп калгысы келсин? Алар оорулуулар менен түздөн-түз байланышта болуп, бейтаптардын ден соолугу, өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. Илдетти да иш учурунда кокустан илештирип алууда", — деди Акматова.
Маалыматка ылайык, бейтаптар менен жакын байланышта болгон 2000ден ашык адамдан тест алынган. Анын жыйынтыгынан кийин облустук бириктирилген оорукананын бир катар бөлүмдөрү жабылган.
28-майга карата Нарын облусу боюнча коронавирус жуктурган жалпы 310 учур катталган. Анын ичинен Нарын шаарында 175, Ат-Башы районунда 78, Кочкор районунда 11, Жумгал районунда 14, Ак-Талаа районунда 19, Нарын районунда 13 адам бар.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.
Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.