Бишкектеги мончо, сауна жана SPA-борборлор иштеп баштайт

Мэрия тарабынан санитардык талаптар коюлду. Эми жуунуучу жайлар эртеңден тарта иштээри белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкек мэриясы коомдук мончолордун, сауналардын жана SPA-борборлордун иштөөсүнө уруксат берди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Коронавирусту ооздуктай албай... Нарында бир катар жетекчилер кызматтан кетти
29-майдан баштап Гагарин, 74 дарегинде жайгашкан №5 (Жумушчулар шаарчасы) муниципалдык мончо да калкты тейлей баштайт.

Башка уруксат берилген ишканалардай эле буларга да санитардык нормаларды сактоо, имараттын ичин дезинфекциялоо, администрация жана тейлөө кызматындагыларга бет кап, кол кап кийип жүрүү талаптары коюлган.

Ал эми кардарлар үчүн санитайзерлер жана антисептик болуусу кажет. Социалдык аралыкты сактоо белгилери, жабдыктардын турушу шарт экени айтылды.

Коронавирустун кесепети

Балдарды 1-класска электрондук кабыл алуу жанданды
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды.

Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.