Көбү Нарында. Кыргызстанда бүгүн 52 кишиден коронавирус аныкталды

Акыркы убакта коронавирус жуктургандардын саны эмнегедир көбөйүп бара жатат. Бийлик элди аралыкты жана гигиена эрежелерин сактоого чакырууда.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн дагы 52 адамдан коронавирус чыкканын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары — 9 + 2 (Россиядан келген аскер кызматкерлери);
  • Чүй облусу — 3 + 8 (Соль-Илецкиден келгендерден);
  • Ош шаары — 7;
  • Ош облусу — 2;
  • Баткен облусу — 1;
  • Жалал-Абад облусу — 3;
  • Нарын облусу — 17.

Ушуну менен коронавирус жуктургандарды жалпы саны 1520 болду.

Өлкөдөгү кырдаалдан кабардар болом десеңиз Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляцияга көз жүгүртүңүз.