Министрлик: ЖОЖдор абитуриенттерди 20-июлдан тарта кабыл алат

Дүйнөдө коронавирус пандемиясы жарыяланган соң Кыргызстанда мектептер жана ЖОЖдор окутуунун онлайн форматына өтүшкөн. Учурда вирустун жайылып кетишин алдын алуу үчүн экзамен жана ЖОЖго тапшыруу дагы аралыктан ишке ашырылмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май – Sputnik. Быйыл жогорку окуу жайлары абитуриенттерди 20-июлдан тарта кабыл ала баштайт. Бул тууралуу брифинг учурунда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

"Атайын программа иштелип чыкты. Ал аркылуу бүтүрүүчүлөр үйүндө отуруп эле электрондук форматта каалаган окуу жайга Жалпы республикалык тестирлөөнүн талондорун жөнөтө алат", — деди Жусупбекова.

Ошондой эле ал учурда бүтүрүүчүлөргө аттестатын убагында берүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1468 адамга жетти. Андан 1015 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

ЖРТга каттоо башталды. Абитуриенттин эң көйгөйлүү 11 суроосуна жооп
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.