Министрлик: бүгүн коронавирус табылган 30 кишинин 12си сырттан келгендер

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1433 адамга жетти.  COVID-19  он алты кишинин өмүрүн алды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 30 кишинин 12си сырттан келген жарандар. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Чет өлкөдөн келгендерден да вирус көп аныкталып жатат. Мисалы, кечээги 30 учурдун 11и Россиядан, бири Өзбекстандан келген”, — деди Үсөнбаев.

Ал эми калган 13 адам мурда жугузуп алгандар менен байланышта болгондор. Мындан сырткары, беш медицина кызматкери COVID-19 жуктуруп алган.

Кыргызстандагы COVID-19

Өлкөдө өткөн суткада коронавирус 30 адамдан чыкты
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1433 болуп, 992 бейтап айыкты. Тилекке каршы, COVID-19 эми он алты кишинин өмүрүн алды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.