Баары Бишкектен. Сутка ичинде беш ак халатчан вирус жуктуруп алды

Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 280 учур катталды. Алардын жарымынан көбү стационарлардан айыгып чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Өлкөдө бир сутка ичинде беш медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, оору жуктуруп алган медиктердин бардыгы Бишкек шаарынан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 280 учур катталды. Алардын ичинен 231 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Ал эми өткөн суткада ооруканадан бирөө айыгып чыкты.

Кыргызстандагы COVID-19

Коронавирустан кечээтен бери дагы бир адам каза болду
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1433 болуп, 992 бейтап айыкты. Тилекке каршы, COVID-19 он алты кишинин өмүрүн алды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.