Баары бир чыкты. Өлкөдө сутка ичинде эки медиктен COVID-19 аныкталды

Кыргызстанда ак халатчандардын арасынан вирус күндөн-күнгө азайып жатканы байкалып, кечээ бир да медиктен оору аныкталган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстанда сутка ичинде эки медиктин коронавирус жуктуруп алганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

COVID-19: Атайын эсепке канча каражат түшүп, канчасы керектелди
Ушуну менен Кыргызстан боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 275 учур катталды. Анын ичинен 230 ак халатчан айыгып, айрымдары жумушуна чыкты. Белгилей кетсек, кечээ, 23-майда, бир да медиктен вирус чыккан эмес.

Өлкөдөгү абал менен кенен Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан да таанышсаңыз болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.