Акыркы суткада өлкөдө коронавирустан 8 бейтап сакайды

Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 8 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Коронавирустан качан арылабыз? Кыргызстандагы абал боюнча тексттик баяндама
Анын айтымында, муну менен өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 957ге жетти.

"Бир суткада айыккандардын төртөө Бишкектен, экөө Нарындан, бирөө Жалал-Абаддан, бирөө Ош облусунан. Баарынын кайталап алынган анализи таза чыкты", — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, муну менен өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 957ге жетти.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.