Финпол: Байланыш агенттигинин кызматкерлерине иш козголду

Учурда кармалгандардын мыйзамсыз аракеттеринин аркасы менен өлкө казынасына канча зыян келтирилгендиги эсептелүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Байланыш мамлекеттик агенттигинин жогорку кызматтагы адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, финполчулар тарабынан жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча тергөө иштери аткарылууда. Колго түшкөн мамлекеттик кызматкерлер "Айтел" жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп шектелүүдө.

Ысык-Көлдө прокурордун жардамчысы 150 миң сом пара алып жатып кармалды
Учурда алардын мыйзамсыз аракеттеринин аркасында өлкө казынасына канча зыян келтирилгендиги такталууда.

Эскерте кетсек, жыштык сатуудагы коррупциялык иштерге тиешеси бар делип Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) эки, Мамлекеттик байланыш агенттигинин бир жана "Ала-ТВ" компаниясынын бир кызматкери кармалган. Ага чейин Байланыш мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда колго түшүрүлгөн.