Пакистанда 90 жүргүнчүсү бар учак эл жашаган аймакка кулады. Видео

Airbus A320 учагы Лахор калаасынан Карачи шаарына учуп баратып аэропортко жакын жерден кулаган. Кадрлардан ал имараттарды жабыркатканын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Пакистандын Карачи шаарында жүргүнчү ташып бара жаткан учак калктуу конушка кулаганын РИА Новости Geo телеканалына шилтеме берип жазды.

Кийинчерээк маалыматты компаниянын өкүлү да тастыктап, кеп 90 жүргүнчүнү алып бара жаткан Airbus A320 учагы тууралуу болуп жатканын билдирген.

Учак Лахор калаасынан Карачи шаарына учуп баратып аэропортко жакын жерден кулаган.

Кадрлардан кырсык болгон жердегилер ызы-чуу түшүп, талкаланган имараттардан кара түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.