COVID жуктурган мигранттар аймактарга кеттиби? Алардын кайда экени айтылды

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1270 болуп, анын 910у айыкты. Тилекке каршы, 14 киши каза тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Россиядан келип коронавирус аныкталган мигранттар Бишкек шаарында дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Талас башчысы Мураталиев: карантинге алынгандарды эч ким уруп-сабаган эмес
Билдирүүгө ылайык, Россиянын Соль-Илецк районунан келген кыргызстандыктардын ичинен 104 адамдан коронавирус табылган. Анын 47си дарыланып чыгып, 57 бейтап азыркы тапта Бишкек шаарында дарыланып жатканы маалым болду. Мындан тышкары учурда борбор калаада Санкт-Петербургдан келген 14 мекендеш да ооруканада.

Эске сала кетсек, 18-майда Соль-Илецкиден алып келинип, "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясында жаткандар жаңжал чыгарган. Республикалык штабдын алгоритмине ылайык, ал жактагы 432 адамдын 19у гана обсервацияда калып, калганы үй карантинине жиберилген.