"Гансидеги" обсервациядан чыр салып чыгарылгандар Таластан карантинге алынышты

Сырттан келгендер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей бир топ кыйынчылыктарды жаратып, бирок түшүндүрүү иштеринен кийин талаптарга макул болушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Россиянын Соль-Илецк шаарынан алып келинип, "Семетей" обсервациясында чыр-чатактан кийин чыгарылгандар Таласка барганда беш күндүк карантинге алынды. Бул туурасында өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, обсервацияга алынган 51 адам жергиликтүү бийликтин талаптарына макул болду.

"Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерден 51 адам Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынды. Ар биринен буга чейин эки жолудан ПЧР-анализ алынып, "таза" деген жыйынтык чыккан. Бирок коопсуздук үчүн алар Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган карантиндик жайларга жайгаштырылды. Алардан кошумча дагы ПЧР-анализдер алынып, обсервацияга беш күн жаткырылат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өкүлчүлүктүн маалымат кызматы социалдык тармактагы ар кандай пикирлерге жооп кайтарган.

Обсервацияга жатпай, үйүнө кетишти. "Гансидеги" жаңжалдын видео хронологиясы
"Ал эми социалдык түйүндөрдөгү "бийлик өкүлдөрү обсервацияга алынгандарды уруп-сабады" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Тескерисинче, сырттан келген адамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей бир топ түйшүк жараткан. Түшүндүрүү иштеринен кийин 51 адам жергиликтүү бийликтин талаптарына макул болду", — деп айтылат билдирмеде.

Эске сала кетсек, кечээ, 18-майда, Соль-Илецкиден алып келинип, "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясында жаткандар жаңжал чыгарган. Республикалык штабдын алгоритмине ылайык, ал жактагы 432 адамдын 19у гана обсервацияда калып, калганы үй карантинине жиберилген.