БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Сириядагы Эт-Танфа базасында иштеген америкалык аскерлер "Ислам мамлекети" террордук уюму менен активдүү кызматташат. Бул тууралуу россиялык журналисттерге согушкерлердин Эт-Танфадан качып, Сириянын өкмөттүк аскерлери тарапка өтүп кеткен командири Абу Хамзи айтып бергенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Эт-Танфадагы АКШ базасында аскердик даярдыктан өткөн согушкерлер тобу өздөрү кайтарып жаткан таяныч пунктун таштап, өкмөттүк күчтөргө багынып бергени айтылат. Маалыматка караганда, аларды Дамаскиге тиешелүү аймакта теракт уюштурууга жана нефтегаз, транспорттук объектилерди басып кирүүгө даярдашкан.
"Америкалыктар бул жакты өз жери деп эсептейт, өздөрүн падышадай алып жүрүп, каалаганын кылат. Капитан Майк жана башкалары деле ошондой. Алар "игилчилер" менен кызматташат. Азыр аларды окутуп жатышат", — деди Абу Хамзи.
Сирия менен Иорданиянын чек арасындагы Эт-Танфа аймагында Американын аскердик базасы бар. Айланасындагы АКШ аскерлери көзөмөлдөгөн 55 чакырымдык аралыкта качкындар лагери орун алган. Буга чейин Россия менен Сириянын аскерлери жана Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү лагерде абал өтө оор экенин айтып келишкен.