Шаршембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, ал эми Нарын менен Ысык-Көл акваториясынын кээ бир аймактарында 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. 20-майда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Ош, Баткен, Жалал-Абаддын тоо этектеринде жана тоолуу өрөөндөрүндө жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Бишкектеги көз жоосун алган чагылган. Социалдык тармактардагы сүрөт жана видеолор
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, ал эми Нарын менен Ысык-Көл акваториясынын кээ бир аймактарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Таласта +19…+24, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +22…+27, Ысык-Көлдө +14…+19 жана Нарын жергесинде +15…+20 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы ордо калаада +22…+24 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +25…+27 градуска дейре жогорулайт.