Нарында 8 милиция кызматкеринен коронавирус чыкты

Үсөнбаев учурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин комплекстүү изилдөөдөн өткөрүп жатышканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Нарын облусунда бир күндө коронавирус жуктурганы аныкталган 11 адамдын сегизи милиция кызматкери. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Биз ИИМ кызматкерлерин комплекстүү изилдөөдөн өткөрүп жатабыз. Анын натыйжасында Нарында сегиз милиционерден чыкты. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат”, — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, өткөн суткада СOVID-19дун жаңы 27 учуру катталды. Алар Бишкек шаарынан алтоо, анын бири Санкт-Петербугдан келген курсант. Нарын облусунан 11, Ош облусунан алтоо, Соль-Илецкиден келгендерден үчөө.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

Обсервацияга жатпай, үйүнө кетишти. "Гансидеги" жаңжалдын видео хронологиясы
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.