Коомдук транспорттун 21-майдан тарта жүрөрү күмөн

Борбор калаада коомдук транспорт 22-мартта коронавирус пандемиясынын улам башка тармактар сыяктуу эле ишин токтоткон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Мурда айтылгандай, Бишкек шаарында коомдук транспорт 21-майдан тарта жүрбөй калышы мүмкүн, тагыраагы, ыкчам штабдын жетекчиси аларды жүргүзбөй кое турууну сунуштады. Бул туурасында ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Чаргынов шаардык кеңештин жыйынында айтты.

Ал автобус, троллейбустун качан жүрөрүн болжолдуу түрдө да айта албастыгын билдирген.

Борбор калаада коомдук транспорт 22-мартта коронавирус пандемиясынын улам токтотулган.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

Чуу салса эле обсервациядан чыгабы? "Гансидеги" жаңжал боюнча Үсөнбаевдин жообу
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.