Вирус себепкер болду. Хабиб видео кайрылуу жасап, комадагы атасы тууралуу айтты

Мушкердин атасы эки тараптуу пневмония деген диагноз менен комага түшүп калган. Бейтап Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмак категориясындагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Instagram баракчасы аркылуу атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедовдун учурдагы абалы тууралуу айтты.

Атасы эки тараптуу пневмония деген диагноз менен Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Мушкер анын учурдагы абалы өтө оор экенин билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov)

"Бул вирус анын жүрөк оорусунун күчөп кетишине себепкер болду. Ага бир жыл мурун операция жасаткан элек. Азыр кайрадан дагы операция жасалды. Атамдын айыгып кетишин тилеп, Жараткандан бизге кайтарып беришин сурайбыз. Бизди колдоп, дуба кылып жаткандарга рахмат!" — деди Хабиб.

Ошондой эле ал Дагестандын бардык тургундарын этияттык чараларын жана обочолонуу режимин так сактоого чакырды.

Хабибдин атасы комада. Конор менен Дана Уайт анын тез сакайып кетишин каалады
"Биздин Дагестандагы кырдаал өтө оор. Аябай жан кейитерлик. Көптөгөн адамдар ооруп, ооруканалар толуп калды. Биз дарыгерлерди угуп жана коюлган талаптарды аткарышыбыз керек. Алар жакшы билишет, биздин ооруп калбашыбызды каалап жатышат. Жакында Орозо айт келе жатат. Бул күнү конок чакырганды, бирөөнүкүнө барганды токтото туралы", — деп кайрылды мушкер.

Буга чейин айрым ЖМКлар Россиянын эмгек сиңирген машыктуруучусу, спорт чебери Абдулманап Нурмагомедов коронавирус жуктурууга шектелип жатканын жазышкан. Өткөн жумада аны Дагестандан атайын учак менен Москвага алып келишкен.