Айдоочу, курсант, мигрант. Кыргызстанда бүгүн кимдерден COVID-19 аныкталды

Учурда 2236 киши обсервацияда жатат, бир сутканын ичинде 1169 лабораториялык тастыктоо жүргүзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде коронавирус аныкталган 78 адамдын 50сү сырттан келген кыргызстандыктар. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Соль-Илецкиден келген 43 мекендештин оору жуктурганы аныкталган. Буга чейин тастыкталган 58 учурду кошкондо 101 адамга жетти.

Акыркы суткада 23 киши коронавирусту жеңип, ооруканадан чыкты
Жакында чартердик каттам менен алып келинген Санкт-Петербургдагы аскер лицейинин үч курсантынан да вирус табылды. Кечээ дагы 10 курсанттын COVID-19 жуктуруп алганы айтылган, ушуну менен булардын жалпы саны 13тү түздү.

Ошондой эле өткөн суткада чет өлкөдөн жүк ташып иштеген төрт айдоочуга дагы оору жукканы белгилүү болду.

Мындан сырткары, Нарында 14, Ош шаарында беш, Ош облусунда алты, Чүй облусунда үч, Жалал-Абад облусунда бир кишиден чыкты. Мунун арасында төрт (Бишкекте бир, Нарын облусунда үч) медицина кызматкери да бар.

Саламаттык сактоо министринин орун басары коронавирус жуктурганы аныкталган жарандардын баары обсервацияда болгонун белгиледи.

“Биздин чет өлкөдөгү жарандар ар кандай шартта тургандыгы белгилүү. Ошондой эле мекенине кайтып келген жарандар обсервациянын эрежелерине баш ийбей, өздүк гигиенаны сактабай жатышат. Мындан улам оорулуулардын саны көбөйүүдө”, — деди Үсөнбаев.

Учурда 2236 киши обсервацияда жатат, бир сутканын ичинде 1169 лабораториялык тастыктоо жүргүзүлгөн.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

ЖАМК кызматкерлеринин арасында коронавирус чыкканын кайра төгүндөдү
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.