Үй карантиндин эрежесин бузган 10 кишиге иш козголду

10 киши Кылмыш-жаза кодекси боюнча жоопкерчиликке тартыла турган болсо, бир адам коронавирус жуктургандыгы боюнча маалыматты жашырган деп айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Карантиндин талабын бузган деген кине менен Кылмыш-жаза кодекси боюнча 10 кишиге сотко чейинки өндүрүш ачылды. Бул тууралуу брифингде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Шектүүлөр текшерилет. Облус башчысы Ысык-Көлгө кирип-чыгуу шарты тууралуу
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 28 миң 592 адам үй карантининде. Азыр 65 киши Эреже бузуулар, Жоруктар жана Кылмыш кодекси боюнча жоопкерчиликке тартылууда.

36 тургунга санитардык эрежелерди аткарбаганы үчүн айып салынган, калган учурлар соттук тартипте териштирилип, 30 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айып салынары айтылды.

Каниметов 10 киши үй карантиндин эрежесин бузганын кошумчалап, алар Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") боюнча жоопко тартыла турганын белгиледи.

"Дагы бир адам Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси, башкача айтканда, элдин саламаттыгына кооптуулук жаратканы үчүн жооп берет", — деди министрдин орун басары.

281-берененин негизинде айыпкер үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Коронавирустун кесепети

Жылкыбаев: Ошто айт күнү эл чакыргандарга да, баргандарга да чара көрүлөт
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.