БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын аймагында 21 адамдан коронавирус чыкты. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ушуну менен жалпы бейтаптардын саны 1138ге жетти.
"Жаңы учурдун 10у Санкт-Петербург шаарынан келген курсанттар. Алар ошол жакта аскер лицейинде окучу. Бишкектен эки, Чүй облусунда үч, Нарында алты адамдан коронавирус табылды", — деп айтылат маалыматта.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.