26 жаштагы Гулина Кадырова азыр эки бутиктин ээси, ал эми бир кезде ич кийим саткан дүкөндүн гана сатуучусу болчу. Ушул тапта карантиндин айынан анын тигүү цехи айымдардын модалуу буюм-тайымдарын эмес, жеке коргоочу костюм жана бет кап тигүү менен алек. Учур кыйын болсо да, ишкер бийкеч менен жай убактагы темалардан кеп козгодук. Коронавирус капсалаңы качандыр бир күнү бүтөт, ал эми кыздын көзү кызылда эмеспи.
— Өзүңүз жөнүндө тыңдайлы алгач.
— Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарында төрөлгөм. Кийин ата-энебиз менен Бишкекке көчүп келдик. Борбор калаада экономикалык университетти кызыл диплом менен аяктадым.
Студент кезимде эле ич кийим дүкөнүнө сатуучу болуп ишке киргем. Бул ишке жөндөмүм бар экен. Сатуучулук иш оор, көтөрүмдүү, чыдамдуу болуу талап кылынат. Мисалы, кардарлардын сиркеси суу көтөрбөй калганда кырдаалдан чыгуу оңой эмес. Андайда баарын жайгарып кетиш үчүн керек болсо кечирим сурап, чакан белек сунуп кое алам.
— Бишкектеги сатуучулардын бири менен маектешкенимде шаардагы дүкөндөрдөн көп уурдашарын айткан эле.
— Ооба, андай учурлар болот. Анан да ич кийим кичинекей, уурдаш да жеңил. Кыз кыдырып жүрүп, сумкасына байкатпастан салып коюшу мүмкүн. Кээде ченеп көргөн бөлмөдөн уурдаган учурлар да болот. Чыгымы сатуучуларга жүктөлөт.
— Эмнеге? Бул адилетсиздик го.
— Сатуучу товардын жана кассанын сактыгы үчүн жооп берет. Кардар баш бакканда телефонду чукулап отура албайсың. Ордуңдан туруп, анын жанына басып барышың керек.
— Билишимче, сатуучу болуп деле көпкө иштебепсиз. Ишиңиз тез эле илгерилеп кеткен экен.
Оңой-олтоң болгон жок, ыйлаган учурларым да болгон. Мисалы, мурда курулуш ишинен кабарым да жок эле. Анан дүкөндөн дүкөн кыдырып, гипсокартон, боек, профилдерди сатып алууга туура келди. Үч ай ичинде экинчи филиал ачылды.
Төрт жыл аралыгында алты филиалды ишке киргизүүгө үлгүрдүк: Бишкекте төрт, Ошто эки дүкөн иштей баштады. Акырындап менеджер болдум, кийин башкаруучулукка жеттим.
— Өз ишиңизди баштоого кандайча чыгындыңыз?
— Бул тармакта бышып-жетилдим, анан өзүм үчүн иштөөнү чечтим. Чөнтөгүмдө болгону 300 доллар бар. Бирок ата-энем мага ишенип, иш баштоо үчүн акча беришти. Эжем экөөбүз кийим-кече дүкөнүн ачтык. Жалпы 20 миң доллардын тегерегинде каражат талап кылынган.
— Эмнеге ич кийим эмес, кийим дүкөнүн ачууну чечтиңиз? Биринчиден, ич кийим сатууда тажрыйбаңыз бар, экинчиден, билишимче, бул кийим-кечеге караганда кыйла кирешелүү го.
Эгер модалуу буюмдарды көп көлөмдө сатып алып, сатууга үлгүрбөй калсаң, демек, акчаңдын күйгөнү. Ич кийимде мода анчалык ыкчам эмес. Мындан сырткары, алардын өздүк наркы да кыйла арзан, ошондуктан чынында эле кирешелүү.
— Бирок баары бир ич кийим индустриясы деле өзгөрүп турат да...
— Ооба, бул багытта да тренддер жок эмес, бирок алар кийимдегидей бат алмашпайт. Мисалы, мурда пуш-ап (дене түзүлүшүн жакшы көрсөткөн ич кийим предмети — ред.) модада болчу. Бирок бир жарым жыл мурун эле үлбүрөгөн, поролонсуз, катуу тирегичтери жок топ (ич кийим түрү — ред.) модага кирди.
Купальниктерге да мода өзгөрүп турат. Январь айында эле жайында көлгө кыздар эмне кие турганы аныкталып калат. Мисалы, быйылкы сезондо ак түс көп тандалат. Көкүрөк тушта "W" тамгасы түрүндөгү элемент кошулган, жука поролон тагылган купальник да модага кирет.
Соңку жылдары кыздар кооз пижамаларга да кызыга башташты. Мурда кыздар көп жылга ылайыктап бирди гана сатып алышчу. Ал эми азыр пижаманы да түрлөп ала баштады. Канчалык көп болсо, ошончолук жакшы. Биз үйдө да жасана кийинип калдык.
— Кирешеңизден чыгашаңыз арткан учур болду беле?
— Жок, компаниямда өзүм бухгалтермин, андыктан карантинге чейин дайым кирешебиз артып турганын так билем. Албетте, эмерек жана ремонт чыгымдарын актай элек. Бирок муну да эки-үч жыл ичинде ишке ашырам деп турам.
— Бир айда тапкан эң көп сумма канча болду эле?
— Дүкөндүн биринен товар айлантуу 800 миң сомго чыккан бир жолу. Бул мени абдан кубантат, алдыда эми миллионго жеткирүүгө умтулам.
— Ич кийимди кайдан алып келесиздер?
— Түркия, Кытайдан ташыйбыз. Андан тышкары, өзүбүздүн тигүү цехибиз бар. Өз брендибиз менен дизайнерлик буюмдарды да чыгарабыз.
— Өздөрү тиккенден көрө даярын саткан пайдалуу экенин угуп калам бизнесмендерден.
— Бардык эле ишкерлер өндүрүшкө аралашкысы келбейт. Эгер жакшы, өзгөчө буюмду чыгарсаң, кыйла пайда алып келет. Эгер Кытайдан ташып келинген товарларга окшоштуруп өндүрсөң, анда пайдасыз. Анткени баасы да төмөн. Базарда жок буюмдарды өндүрүү керек. Мисалы, биз дизайнер менен бели узун (өйдө) болгон кенен шымдарды тигип, үстүнө чыптаган кофта тиккен элек. Укмуш өттү! Көл жээгинде купальник үстүнө жамынуучу жука кийимдин 10 түрүн тигип койгонбуз. Бирок коронавирус чыгып калып, кардарларыбыздын назарына сунуштала элек.
— Баары карантинге жабыларын укканда кандай абалда болдуңуз?
— Товар айлантууну улам жогорулатып, жазга даярданып жаткан элек, укканда дендароо абалга кабылдым. 15-мартта биздин бутик жайгашкан соода борбору карантинге жабылды. Ошол маалда сатуучулардын маянасын берип, товар алып койгом, кассада акча жок. Бир айлык карантинге колумда миң гана сом калган.
Экинчи сокку доллардын 85 сомго чыгышы болду. Анткени биз товарга да, ижара акысын да доллар менен төлөйбүз! Курстун жогорулашынан эле ижара акысы 30 миң сомго кымбаттап кетти.
— Бизнесиңизди кайра жолго кое алдыңызбы?
— Ооба. Бет кап жана коргоо костюмдарын тигүүгө кириштик. Кездеме тандоого дарыгерлер менен кеңештим. Ным өткөрбөгөндөй болушу маанилүү экен. Бул товарды эң арзан сатууну чечтик, себеби ансыз да азыр кыйын учур эмеспи. Биз тиккен коргоочу костюмдар тендер боюнча мамлекеттик ооруканаларга алына баштады. Ошондой эле бизден жеке бейтапканалар, дарыкана, банктар сатып алышууда.
— Ишкерлердин көпчүлүгү Бишкекте жакшы кызматкерлерди табыш кыйын деп наалып калышат.
— Жоопкерчиликсиздер өтө көп. Айрыкча биздин чөйрөдө жаштар ишти телефонду чукулап эле убакыт өткөрүп, маяна алмай деп ойлошот. Чындап ишке ыклас койгон кишини жумалап издөөгө туура келет.
— Кыргызстанда айымдар иш да куруп, үй-бүлөгө да жетишерлик убакыт бөлө алышат деп ойлойсузбу?
— Турмушка чыга элекмин, балдарым жок, андыктан баарына убактым жетет. Үй-бүлө курганымда деле бизнестен баш тартпайм. Аны кийин таштап коюш үчүн ачкан эмесмин да.