БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өткөн эки суткада Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу май кескин арзандаганын мунай затын саткан компаниялардын сайтындагы маалыматтан улам баамдаса болот.
Дизель майы менен бензин 3 сомго арзандады
© © Sputnik
Бейшемби күнгө карата Аи-92 түрү 0,2-3 сомго, ал эми Аи-95 түрү 0,4-2,2 жана күйүүчү май 0,6-3 сомго арзандап кеткен.
Арзандоо этап менен жүрдү. Кечээки күндөн тарта мунай заттары 0,2-1 сомго түштү.
Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы май айында мунай заттарынын орточо эсеп менен 3-5 пайызга арзандаарын билдирген. Мындан ары бардыгы Кыргызстандын жана өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын активдүүлүгүнө жараша болот.
Нефтетрейдерлер ассоциациясы кандай көйгөлөрү бар экендигин буга чейин айтып беришкен эле.