Ленин районунда көп. Бишкектеги оорунун очоктору, баш тарткандар боюнча тизме

Мобилдик бригадалар тарабынан 110 очокто, калктуу конуштарда, шаардын борбордук бөлүгүндө жана кичи райондордо изилдөөлөр жүргүзүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Республикалык штабдан 16-майга карата Бишкектин кайсы аймагында канча киши COVID-19 жуктуруп алганын билдиришти. Ошондой эле маалыматта анализден баш тарткандар, бек турган үйлөр тууралуу айтылды.

“Мобилдик бригадалар тарабынан 110 очокто, калктуу конуштарда, шаардын борбордук бөлүгүндө жана кичи райондордо изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бүгүн  тастыкталган 15 учур катталды. Коронавируска тест тапшыруудан 113ү баш тарткан. 99 турак үйдө ээлери болбогондуктан, текшерилген жок”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ленин району:

  • очоктор – 49;
  • тастыкталган анализдер – 2;
  • баш тарткандар – 68;
  • текшерилбеген үйлөр – 33.

Октябрь району:

  • очоктор – 28;
  • тастыкталган анализдер – 5;
  • баш тарткандар – 26;
  • текшерилбеген үйлөр – 51.

Биринчи май району:

  • очоктор – 16;
  • тастыкталган анализдер – 5;
  • баш тарткандар – 10.

Свердлов району:

  • очоктор – 17;
  • тастыкталган анализдер – 3;
  • баш тарткандар – 9;
  • текшерилбеген үйлөр – 15.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Вице-мэр: Бишкекте 113 үйдүн жашоочуcу коронавируска тест тапшыруудан баш тартты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү кырдаал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, сүрөт жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантууда.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.