БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Социалдык тармакта катуу шамалга карабай, суу кечип электр зымын тартып жаткан энергетиктердин видеосу жарыяланды.
Кадрдан куюн кумду асманга сапырып энергетиктерди ишин кыйындатып жатканын көрүүгө болот.
"Чыгыш электр" ишканасынын маалымат кызматы Ак-Талаа районунда Нарын дарыясынын үстүнөн аба чубалгысын өткөрүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Буга Нарын суусу жээгинен чыгып жаткандыгы себеп болгон.
"Ыкчам чара көрүү максатында ӨКМ, жергиликтүү бийлик жана "Чыгыш электр" ишканасынын жетекчилиги тарабынан Нарын суусунун жээгинде жайгашкан анкердик зым тирөөчтү ордунан жылдыруу чечими кабыл алынган. Аталган иштер 9-майда башталып, аба чубалгысын суунун үстүнөн өткөзүү иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.
"Чыгыш электр" ишканасы жарыялаган дагы башка сүрөттөрдө кызматкерлер зымдарды тартып өтүү үчүн суу кечип жүрүшкөнүн көрүүгө болот.