Көбү Нарында. Кыргызстанда бүгүн 29 кишиден коронавирус чыкты

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин коронавирустун жайылуу тенденциясы төмөндөгөнүн билдирген болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 29 адамдан коронавирус чыкты. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын алтоо Бишкекте болсо, төртөө Чүй облусунда. Дагы төрт киши Ош шаарынан аныкталган. Бирөө Ош облусунан, экөө Жалал-Абаддан, 11 адам Нарындан, бир киши Ысык-Көлдөн экени айтылды.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1111 болду. Анын 745и айыгып чыкса, 14 киши каза тапты. Азыркы тапта стационарда 353 бейтап жатса, анын үчөө реанимацияда. Ал эми обсервацияда 1532 киши бар.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан таанышууга болот.