Быйыл 1533 аял "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" медалдары менен сыйланат

Энелер күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланган. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Батырбекова: бала ата-эненин жүрүм-турумун толугу менен көчүрүп алат
Билдирмеге ылайык, Конституциянын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча жети же андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1014 аял "Баатыр эне" ордени, алты бала төрөгөн 519 аял "Эне даңкы" медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эске салсак, Энелер күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланган. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.