Төрага Жумабеков депутат Бокоевге: парламент жакпаса, эч ким кармабайт. Видео

Спикер парламентте кош стандарттуулук болуп жатканы боюнча айткан депутаттын сын-пикирин кабыл алган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Депутат Кенжебек Бокоев парламентте регламент бузуу өнөкөт болуп калганын айтып, төраганы сындады.

Ал мындай пикирин бүгүн шайлоо босогосун белгилөө боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирген.

"Параламент парламент болбой калды. Айыл өкмөттөрдү түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору үч жылдан бери каралбай жатат. Каалаган мыйзамды карап, жакпаганын күн тартибине киргизбей жатасыздар. Эмне үчүн кош стандарттуулук болуп жатат? Парламенттин сапаты ошондон кетип жатат. Регламенттин бузулушу боюнча 20-30 фактыны билем. Комиссия түзүп бузгандарга чара көрүүнү сунуш кылам", — деп кайрылды Бокоев.

Бирок мындай сынды төрага кабыл алган жок. Парламент жакпаса депутаттарды эч ким кармабай турганын айтып, кызматтан кетип калууга ишарат кылды.

"Бул мыйзам долбоору боюнча регламент бузулган жок. Баары өзүнүн жолу менен кетти. Эми этияттап сүйлөйлү, бири-бирибизге сөз тийгизбейли. Парламент жакпайбы, сиздерди эч ким кармаган жок. Антип эмне кекетип сүйлөйсүздөр. Эч ким кармаган жок сиздерди", — деди Жумабеков.

"Тукумдан кыр издебегиле". Бакиров кызыл чеке болгон депутаттарды күлкүгө салды
Андан бир нече убакыттан кийин Исхак Масалиев чыгып спикерден: "Кенжебек Бокоевге жакпаса кетип кал деген реплика таштадыңызбы?" - деп сурады. Мындан улам канчалык урушуп-талашкан чакта да андай сөздү айтпоого чакырып, төраганын жоопкерчилиги жогору экенин эскертти.

Жумабеков болсо депутаттар дагы этияттап сүйлөшү керектигин, ал өзүнүн дарегине айтылган сынга жооп бергенин белгиледи.