Түркия Көчмөндөр оюндарын быйыл өткөрбөй турган болду

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарын 2020-жылдын күз айында Бурса шаарында өткөрүү чечими кабыл алынган эле.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Түркияда өтө турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарын өткөрүү 2021-жылга жылдырылды. Бул туурасында Спорт, дене тарбия жана жаштар иши боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Түркияда өтчү Көчмөндөр оюндарында салбуурун спорттун түрүнө кирбей калды
Чечим аталган оюнду, түрк элдеринин мурдатан келе жаткан руханий байлыгын даңазалоону татыктуу өткөрүү үчүн кабыл алынгандыгы айтылды.

Эске салсак, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарын 2020-жылдын күз айында Бурса шаарында өткөрүү чечими кабыл алынган эле.

Ал эми мурдагы оюн Кыргызстанда, Ысык-Көл аймагында өтүп, эстафета Түркияга тапшырылган.