БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Таласка жакын жердеги Чаткал району менен Жамбыл (Казакстан) облусунда вирус чыгып жаткандыгына байланыштуу оору бизге дагы кириши мүмкүн деген кооптонуу бар. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Чоң-Капка жана Талды-Булак санитардык-карантиндик посттору иш алып барып келсе, Чаткалда вирус аныкталгандан бери ал жакка кете турган Кара-Буура районуна дагы пост коюлган.
"Посттордо кирип-чыккандарды дарыгерлер алгоритмдин негизинде тыкыр текшерип жатышат. Ошол иштердин натыйжасында Таласта коронавирус жок деп ойлойм. Бирок кооптонуу бар, биз сактанышыбыз керек. Анткени Жамбыл облусу жактан, Чаткалдан жана башка облустардан илдет катталууда. Кирип кетпешине бекем турушубуз керек", — деди Мураталиев.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Талас облусунда коронавируска кабылгандар жок.
Коронавирустун кесепети
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.