Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаев парламентте ант берди

“Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен парламентке келген депутаттар бүгүндөн тарта кызматка расмий түрдө киришти.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алган Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаев парламентте ант беришти.

Муну менен алар кызматка расмий түрдө киришти.

“Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга, Кыргыз мамлекеттинин эгемендигин, аймактын бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого ант беремин”, — дешти депутаттар.

Буга чейин “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшырган. Алар мындан ары партиясынын күчүн бекемдеп, шайлоого даярдык көрө турганын айтышкан.

Жаш депутат Бешимбаева: менин ордумда эркек болсо, мамиле башкача болмоктур
Шаршенбек Абдыкеримов учурда Улуттук олимпиада комитетинин башчысы. Ага удаа эле Күрөш федерациясын дагы жетектейт. Ошондой эле ал өлкөдөгү ири ишкер катары таанымал.

Ал эми Жаныбек Жоробаев мурда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директорунун орун басары болуп иштеген. Салык кызматынын Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирти бар продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгын жетектеген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү быйыл 30-июнда аяктайт. Октябрь айында парламенттик шайлоо өтөт.