БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов оор абалда ооруканада жатат. Бул туурасында Р-Спорт агенттигине Хабибдин эң жакын досу Ислам Махачев билдирген.
Махачев Хабиб менен сүйлөшкөндө ал атасынын абалы оор экендигин айткан. Учурда Москвадагы клиникада дарыланып жатканын кошумчалаган.
Р-Спорт агенттигинин маалыматы боюнча, буга чейин ЖМКлар Абдулманап Нурмагомедов коронавирус жугузуп алды деп шектелип жаткандыгын жазып чыгышкан. Кийинчерээк Нурмагомедовдун улуусу вируска тест тапшырганын билдирип, бирок анын жыйынтыгы тууралуу айтылган эмес. 5-майда ооруканага жаткырылган.
Ал арада Абсолюттук мушкерлер уюмунун башчысы (UFC) Дана Уайт Instagram баракчасы аркылуу Абдулманап Нурмагомедовго батыраак сакайып кетишин каалаган.
"Абдулманап Нурмагомедов чыныгы машыктыруучулук сапатка, урмат-сыйга ээ киши. Ал ушундай баалуулуктарды өзүнүн баласына, дүйнө чемпиону Хабибге кичинекей кезинен баштап үйрөткөн жана карьерасынын түптөлүшүнө салымы чоң. Мен Хабибдин атасына канчалык жакын экендигин билем. Анын азыркы абалы жөнүндө угуп абдан капа болуп турам", — деген Уайт Instagram аккаунтунда.
Ошондой эле ирландиялык белгилүү мушкер, Хабибдин эзелки атаандашы Конор Макгрегор дагы Twitter баракчасына Нурмагомедовго колдоо сөздөрүн жазган.
"Абдулманап Нурмагомедовдун айыгып кетишин тилейм. Ал көптөгөн мушкерлерди таптап чыгарып, элге таанытканын билебиз. Аралаш мушташ өнөрүнүн чыныгы генийи. Ооруганын угуп жаман болдум. Мен Нурмагомедовдун үй-бүлөсү үчүн тилек кылып жатам", — деген Макгрегор.
Мындан тышкары, социалдык тармактар аркылуу бир катар спортчулар Нурмагомедовдун улуусунун сакайып кетишин каалап, билдирүүлөрдү калтырып жатат.