Өмүрүн киного арнаган Геннадий Базаров 78 жашка толду. Сүрөттөгү ирмемдери

Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги өмүрүн кино тармагына арнаган инсанды туулган күнү менен куттуктап, сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.

Болочоктогу атактуу режиссёр 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепте окуп жүргөндө эле тасма тартуу иштерине кызыгып, ошондо өз алдынча фотоаппарат менен иштөөнү үйрөнө баштайт. Айылда окууну бүткөн соң элеттик жигит Фрунзеге келип "Кыргызфильм" киностудиясында катардагы жумушчу, ассистент болуп жүрүп, 1961-жылы Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтуна тапшырган.

Талаа-түздө шедеврлерди жараткан. Мелис Убукеевдин сүрөттө калган элеси
Геннадий Базаров 60 жылдан ашык убакыттан бери кинематография тармагында эмгектенип, "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты тасмаларын жараткан. Эң биринчи эмгеги катары саналган "Саманчынын жолу" тасмасын 23 жашында тарта баштаган. Жаш режиссёрго аны тартуу милдетин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов өзү жүктөгөн. Жыйынтыгында Базаровдун дипломдук иши 1967-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган.

Күчтүү сүрөтчү, мыкты сценарист, залкар режиссёр учурда пенсия курагында болгондугуна карабай "Кыргызтелефильмде" иштеп келет. Байбичеси менен эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Азыр түгөйлөр уул-кыз, неберелеринин сый-урматында.

Көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктын лауреаты, "кыргыз кереметин" жаратуучуларынын көрүнүктүү өкүлү жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

1 / 12
Жаш режиссёр борбор калаага келгенде "Кыргызфильмде" эки жылдай жумушчу, ассистент болуп иштеп жүрүп киного аралашкан
2 / 12
Базаров 23 жашында "Саманчынын жолу" тасмасын тартып атагы алыска кеткен
3 / 12
"Искусство жөнүндө баян" аттуу тасмасын тартуу учуру. Залкар актёр Муратбек Рыскулов, акриса Бакен Кыдыкеева менен жаш режиссёр
4 / 12
Режиссёр өзүнүн чыгармачылык жолунда бардык баскычтарды баскан жана азыр дагы иш үстүндө
5 / 12
Тажрыйбалуу режиссёр сахна жана театр жылдыздары менен, 2009-жыл
6 / 12
СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана режиссёр Геннадий Базаров. "Көчө" тасмасы, 1972-жыл
7 / 12
Режиссёр Геннадий Базаров жана КВНдин негиздөөчүсү Александр Масляков, 1984-жыл
8 / 12
Кызыл аянттан (Москва) тартылган кыргыз киносу. Геннадий Базаров иш учурунда
9 / 12
Режиссёр, байбичеси Райва Тойгонбаева жана кызы Зуура менен
10 / 12
Геннадий Базаров ондон ашык көркөм, даректүү, кыска метраждуу тасмалардын автору
11 / 12
Режиссёрдун 60 жылдыгында оператор Манас Мусаев, сүрөтчү Туман Жумабаев үчөө
12 / 12
Тажрыйбалуу режиссёр, сценарист узак жылдардан бери ар кыл жанрдагы тасмаларды өтөсүнө чыгара тартып келет